Требования к оформлению статей

«Кыргыз билим берүү академиясынын кабарлары» журналына чыгарылуучу макалаларга коюлган талаптар

 

Макалалар А-4 форматта 2 экземплярда басылып (1-экземпляр эксперттер үчүн фамилиясы жазылбай жашыруун берилет, ал эми 2-экземпляр иштеп чыгуу үчүн фамилиясы жазылып берилет) жана электрондук түрдө кабыл алынат. Автор менен байланыш үчүн 2-экземплярга мобилдүү телефонуңуздун номерин жана электрондук почтаңыздын дарегин сөзсүз түрдө көргөзүүңүз зарыл. Редакцияга түшкөн макала жөнүндө ырастоо электрондук почта аркылуу жиберилет.

КРнын илимий макалаларга коюлган талаптарына ылайык анын негизги текстинде төмөнкү зарыл элементтер камтылыш керек:

  • актуалдуу педагогикалык көйгөйлөрдү жалпы түрдө коюу жана анын маанилүү илимий же практикалык милдеттери менен байланышы;
  • берилген көйгөйдү чечмелөөнүн негиздери камтылган жана аларга автор таянып акыркы изилдөөлөр менен жарыкка чыккан эмгектердин талдоосу;
  • жалпы көйгөйдүн мурда чечмеленбеген бөлүктөрүнө жазылган макалада арналгандыгын көрсөтүү;
  • макаланын алдына коюлган максатты жана милдеттерди аныктоо;
  • өткөрүлгөн изилдөөнүн алынган илимий жыйынтыктарын толук негиздөө менен баяндоо;
  • жүргүзүлгөн изилдөөдөн тыянактарды чыгаруу менен аталган багыт боюнча келечекте өнүктүрүүнүн перспективаларын көрсөтүү талап кылынат.

Автордук оригиналга коюлган талаптар

  • форматы МS Word.
  • гарнитурасы Тimes New Rотап.
  • шрифттин өлчөмү (кеглъ) 14
  • саптардын ортосундагы аралык (интервал) 1
  • абзацтык ачык жер 1,5
  • бардык талаачалар 2 см
  • мүмкүн болгон ажыратуулар курсив, каралжын түстө, макаланын аягында адабияттардын тизмесине кирген эмгектерге тексттин ичиндеги шилтемелер квадраттык кашаанын ичинде тизмедеги булактын номерин жана беттердин номерлерин көрсөтүү менен келтирилет.
  • дефис тиреден айырмаланышы тийиш.
  • тире менен тырмакчалар макаланын бардык текстинде бирдей сызыктуу болушу керек.
  • абзацтардын ортосунда өтө чоң аралыктар болбош керек.
  • сүрөттөр жарым тондуу эмес даана ак-кара, WМР, ЕМЕ, CDR, АI, вектордук форматтарда, растрдык сүрөттөлүштөр — ТIFF, JPG форматта 300 чекит/дюймдан кем эмес ажыратуу менен, реалдуу өлчөмдө болуу керек. Бардык сүрөттөр жана таблицалар текст боюнча жайланышы керек. МS Ехсе1, МSVisio программалардагы диаграммалар — баштапкы файл менен чогуу болууга тийиш.

Макаланын текстин компоновкалоо

  • Макаланын башында авторлордун фамилиясы менен инициалдары, даражасы, наамы, иштеген кызматы, шаары, өлкөсү кыргыз, орус жана англис тилиндеги варианттар, электрондук дареги (шрифттин өлчөмү-14 кегль, каралжын түстө оң жагын түздөө менен).
  • макаланын аталышы чоң тамгалар менен кыргыз, орус жана англис тилдеги варианттар (шрифттин өлчөмү-14 кеглъ, каралжын түс, борбор боюнча түздөө).
  • Аннотация кыргыз, орус жана англис (Annotation) тилиндеги варианттар (шрифттин өлчөмү-12 кеглъ, беттин туурасы боюнча түздөө).

Аннотациянын көлөмү 3-5 cүйлөм. Макаланын аталышындагы маалыматтар аннотациянын текстинде кайталанбашы керек.

Түйүндүү түшүнүктөр: сөздөрдүн саны 5-8-кыргыз, орус (ключевые слова) жана англис (кеу words) тилиндеги варианттар (шрифттин өлчөмү 12 кеглъ, беттин туурасы боюнча түздөө, 1 интервал).

Негизги текст адабияттын стилистикалык жана библиографиялык талаптарына дал келиш керек, беттин туурасы боюнча түздөө.

Макаланын структуралык түзүлүшү:

  • Киришүү
  • Изилдөөнүн максаты
  • Изилдөөнүн методу
  • Негизги мазмуну
  • Корутунду
  • Адабияттар тизмеси

Адабияттардын тизмеси кыргыз жана орус тилинде 5-10 булактарды камтып, аягында кийинки жылдары чыккан 2-3 чет өлкөлүк эмгектер (шрифттин өлчөмү 12 кеглъ, беттин туурасы боюнча түздөө). Адабияттар тизмесин ГОСТ боюнча түзүү.

Шилтемелердин (цитирование) орун алышы; “КББАнын кабарлары” журналына шилтеме келтирүү.

Макала мурда башка булакта жарыяланбашы керек, же башка журналдарга жиберилбеши керек.

Аталган талаптарга канааттандырбаган макалалар кароого кабыл алынбайт. Жарыкка чыгарууга кабыл алынбаган материал боюнча кат жазуу жүргүзүлбөйт. Макалалардын кол жазмалары кайтарылбайт.

Төлөм акысы:

Талаптарга жооп берген макалалар журналда төлөмдүү негизде жарыкка чыгарылат.

КББАнын академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү үчүн акысыз.

КББАнын кызматкерлери менен аспиранттары үчүн 500 сом,

Кыргызстандын мекемелеринин кызматкерлери жана аспиранттары үчүн – 1000 сом,

Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн жарандары үчүн – 3500 сом.

Требования к оформлению статей в журнале «Известия КАО»

 

Статьи следует предоставить в бумажном вложенным в файл и электронном виде. В сопроводительном письме необходимо обязательно указать номер мобильного телефона и адрес электронной почты для связи с автором. Редакция высылает подтверждение о получении статьи по электронной почте.

В соответствии с требованиями к научным публикациям в КР, основной текст статьи должен содержать следующие необходимые элементы:

  • постановка актуальных педагогических проблем в общем виде и ее связь с важными научными или практическими задачами;
  • анализ последних исследований и публикаций, где заложены основы решения данной проблемы, на которые опирается автор;
  • выделение ранее нерешенных частей общей проблемы, которым посвящается данная статья;
  • формулировка цели и задачи статьи;
  • изложение основного материала проведенного исследования с полным обоснованием полученных научных результатов;
  • выводы из данного исследования и перспективы дальнейшего развития по данному направлению.

Требования к авторскому оригиналу

  • Формат – МS Word.
  • Гарнитура – Тimes New Rотап.
  • Размер шрифта (кегль)
  • Межстрочный интервал одинарный.
  • Абзацный отступ 1,5
  • Поля все по 2 см.
  • Допустимые выделения курсив, полужирный.
  • Внутритекстовые ссылки включенные в список литературы работы, приводятся в квадратных скобках с указанием номера источника в списке и номера страницы источника цитаты.
  • Дефис должен отличаться от тире.
  • Тире и кавычки должны быть одинакового начертания по всему тексту.
  • Не допускаются пробелы между абзацами.
  • Рисунки только черно-белые, без полутонов, в векторных форматах WМР, ЕМЕ, CDR, АI, растровые изображения в формате ТIFF, JPG с разрешением не менее 300 точек/дюйм, в реальном размере. Все рисунки и таблицы располагаются по тексту. Диаграммы из программ МS Ехсе1, МSVisio вместе с исходным файлом.

Компоновка текста:

  • В начале статьи фамилия, инициалы авторов, степень, звание, должность, место работы, город, страна (на кыргызском, русском и английском языках), электронный адрес (размер шрифта 14 кегль, полужирный, выравнивание по правому краю).
  • Название статьи заглавными буквами на кыргызском, русском и английском языках (размер шрифта 14 кегль, полужирный, выравнивание по центру).

Аннотация: на кыргызском, русском и английском языках (Annotation)  (размер шрифта 12 кегль, выравнивание по ширине страницы).

Объем аннотации 3-5 предложений. Сведения, содержащиеся в заглавии статьи, не должны повторяться в тексте аннотации.

Ключевые слова: количество слов 5-8 на кыргызском, русском и английском языках (Кеу words) (размер шрифта 12 кегль, выравнивание по ширине страницы, через 1 интервал).

Основной текст должен соответствовать стилистическим и библиографическим требованиям литературы, выравнивание по ширине страницы.

Структура статьи:

  • Введение
  • Цель исследования
  • Методы исследования
  • Основное содержание
  • Выводы
  • Список литературы

Список литературы: на кыргызском и русском языке 5-15 источников. (Размер шрифта 12 кегль, выравнивание по ширине страницы). Составление библиографии в соответствии ГОСТ.

Размещение ссылок (цитирование), ссылка на журнал “Известия КАО”.

Статья не должна быть ранее опубликованной или представленной к публикации в других журналах.

Материалы, не удовлетворяющие указанным требованиям, к рассмотрению не принимаются. По материалам, не принятым к опубликованию, переписка не ведется. Рукописи статей не возвращаются.

Размер оплаты:

Статьи удовлетворяющие требования, публикуются в журнале на платной основе.

Для академиков и член-корреспондентов КАО бесплатно.

Для сотрудников и аспирантов КАО – 500 сомов.

Для сотрудников и аспирантов других учреждений Кыргызстана 1000 сомов.

Для граждан дальнего и ближнего зарубежья 3500 сомов.